• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 52 жаштагы жаран изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1966-жылы туулган Соронбаев Темиркул Абылгазиевичти издөөдө.

Чүй облустук ИИБнен кабарлашкандай, ал 2018-жылдын 11нен 12-декабрга караган түнү Кой-Таш айылынан чыккан боюнча дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, көздөрү кара, чачын ак баса баштаган, кыска, кырдач мурун.

Кийими: кара түстөгү свитер, кара жинсы, бутунда сары түстөгү жеңил бут кийим.

“Т. Соронбаевдин кайда экендигин билгендер болсо 0 (312) 36-35-27, 0701 (67-55-56), 0700 (20-96-66), 0704 (31-25-05), 0552 (22-06-92) же 102 нөөмөт номерлерине чалууларын өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий