• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алина Пирматова «Miss Asia World-2017» сулуулук сынагында дүйнөнүн жаш сулуусу наамын алды

Маданият 0

Бишкек, 23-май /Айжамал Дүйшөева - Кабар/. Алина Пирматова Ливанда өткөн «Miss Asia World-2017» сулуулук сынагында «Miss Teen World» (дүйнөнүн жаш мисси) титулун жеңип алды. Бул тууралуу Алина Instagram баракчасында билдирди.

Эскерте кетсек, 22-жаштагы Алина Пирматова Бейрут шаарында 5-22-майда өткөн эл аралык Miss Asia World-2017 сулуулук сынагында Кыргызстандын атынан чыккан.

Сынактын талаптарына ылайык, катышуучулардын бою 173 см жогору жана жаш курагы 17-26 жаштан ашпашы керек.

А.Пирматованын айтымында, ага “Miss Teen World 2017” титулун ыйгарышкан. “Тилекке каршы сүрөттөр жок, себеби телефон колдонууга уруксат беришкен жок. Бейрут шаары мага абдан жакты”, - деп кошумчалады Алина.

Белгилей кетсек, Алина Пирматова бир нече ирет подуимдарга да чыгып жана кинолорго тартылып жүргөн. Акыркы тартылган тасмасы “Бажарики” үй-бүлөлүк комедиясы болгон.

Пикир

Оставить комментарий