• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды

Маданият 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Бишкекте 12-мартта көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз АССРинин элдик комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ж.Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, эл аралык илимий конференцияга 34төн ашык илимий макала даярдалган. Бардык докладдар жана макалалар терең жана өзгөчө мааниге ээ. Андан тышкары, конференцияда мурда коомчулук үчүн жеткиликтүү болбогон Ж.Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнүн жаңы фактылары айтылды.

“Окумуштуулар мамлекеттик ишмердин үй-бүлөсү, иши, Ж.Абдрахмановдун 1930-жылы иш сапары менен Персияга баргандыгы тууралуу маалымат беришти. Ал кыргыздан чыккан биринчи дипломат. Окумуштуулар Ж.Абдрахманов менен осмон мамлекеттик ишмери Мустафа Кемаль Ататүрктү салыштырышып, алардын ортосундагы көптөгөн окшоштуктарды аныкташты. Алар экөө тең мамлекеттүүлүк түзүүнүн булагы болушуп, өздөрүнүн өлкөлөрүнүн экономикасын көтөрүүгө чоң салым кошушкан. Тилекке каршы Ататүрктү дүйнө жүзү билет, ал эми Абдрахмановдун белгилүүлүгү КМШ өлкөлөрү менен чектелет”, - дейт Эл аралык Кувейт университетинин билим берүү жана уюштуруу иштери боюнча координатору Таалайбек Мамбетов.

Эл аралык Кувейт университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Мира Курманали кызы айткандай, конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды. Резолюция 12 багыт боюнча кабыл алынганын белгилей кетүү керек.

“Резолюцияга конференцияда көрсөтүлгөн бардык докладдарды камтыган китеп чыгаруу, Ж.Абдрахманов жөнүндө тасма тартуу, Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгынын алкагында мамлекеттик деңгээлде китеп, чыгарма жана макала боюнча сынак уюштуруу, ЖОЖдордо илимий конференция жана окуучулар арасында олимпиада уюштуруу каралды”, - деди ал.

Үсөбаевдин айтымында, Ж.Абдрахманов Кыргызстанга союздук республика макамын берүү тууралуу Сталинге эки ирет маселе койгон. Анын натыйжасында Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республика түзүлгөн.

“Конференцияда Ж.Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын эл баатыры наамын берүү, Бишкек шаарына анын эстелигин тургузуу жана Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине атын берүү сунушталды. Мындан тышкары, мамлекет башчыга Улуттук илимдер академиясына Ж.Абдрахмановдун атын берүү сунушу айтылды. Ал эми азыр парламент анын атын Балыкчыдагы мектепке берүүнү карап жатат”, - дейт ал.

Таалайбек Мамбетов тилекке каршы жаштар ушул иш-чараларга тартылбай жатканын билдирди. Жаш муундун көңүлүн буруу үчүн сынактар, талкуулар, интерактивдүү оюндар жана ар түрдүү тесттер уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий