• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматыда журналисттер мэрияга митинг өткөрүү боюнча арыз беришти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Казакстандын Алматы шаарында журналисттер акимчиликке митинг өткөрүү боюнча арыз ташташты. Алар журналисттерди аккредитациялоо эрежелерин катаалдаштыруусуна каршы.

Журналисттер 2-март күнү Алматыдагы "Сары Арка" кинотеатрынын аркасында митинг өткөрүүгө арыз беришти.

Алар "Журналисттерди аккредитациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү долбооруна каршылыгын билдиргилери келет.

Эске салсак, Казакстанда журналисттердин аккредитациядан өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу өкмөттүн буйругуна сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоору 13-февралда нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланган. Анда "иш-чара өтүп жаткан имаратта орун жок болсо" журналистти аккредитациялоодон баш тартууга болору жазылган.

Долбоордо журналисттерди аккредитациядан өткөрүү үчүн арызга ММК өкүлүнүн андагы тартиптерди сактоого берген жазуу жүзүндөгү макулдугу жана журналист менен редакция ортосунда түзүлгөн келишим мамилелерин ырастаган документтердин көчүрмөсү тиркелиши керектигин белгиленген.

Мындан тышкары документте журналистти аккредитациясынан ажыратууга негиз берген себептердин тизмесин кеңейтүү сунушталган.

Журналисттер кооптонууга негиз бар экенин, анткени өкмөт былтыр "ММКлар жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенин жана ал өлкөдөгү басма сөздүн абалын начарлатканын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий