• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алсыздык, баш оору. Эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча мониторинг

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Республикалык штаб 2021-жылдын 22-июлуна карата эмдөөдөн кийинки терс таасир боюнча жүргүзүлгөн мониторинг менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөргө байкоо жүргүзүү иштери уланууда.

“Вакцина алган жарандар өзүн жакшы сезишүүдө. Бардык эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөр 1-2 сутка ичинде жок болуп, олуттуу маселе жаратышкан жок”, - деп айтылат маалыматта.

“Синофарм”, Кытай тарабынан чыгарылган Vero cell вакцинасынын эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрү (297 миң жаран):

Эң көп кездешкен белгилер:
- алсыздык;
- баш оору;
- ийне сайылган жерде оору;
- чыйрыгуу;
- дене табы 39⁰.

Гам-Ковид-Вак (“Спутник V”) вакцинасынын эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөрү (90 миң 756 жаран):

Эң көп кездешкен белгилер:
- ийне сайылган жерде оору;
- алсыздык;
- дене табы 39.

Вакцинанын эки түрүнөн кийин жүрөк айлануу, кан басымдын көтөрүлүшү, коркуу, булчуңдардагы оору, мурдунан суу агуу, жөтөлүү, ангина жана башкалар байкалат.

Пикир

Оставить комментарий