• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алымкулов: Нарында облустук маанидеги үч чоң пост иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылган. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат. Учурда атайын уюшулган посттор иштеп жатат, - деп билдирди облустагы акыркы кырдаал менен тааныштырып жатып өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов.

Анын айтуусуна караганда, Нарында облустук маанидеги үч чоң пост иштеп жатат: Кочкор районундагы "Сары-Чат" участкасы, Жумгал районундагы "Арал" участкасы жана Ак-Талаа районундагы "Актал-Чат" участкасы.

"Аталган посттордо видеокөзөмөл жана биометрикалык паспортторду аныктай турган аппараттар да коюлган. Адамдар тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, шектүүлөрү болсо экспресс-тесттер алынууда. Аталган посттордон жүйөөлүү себептери бар адамдар гана өткөрүлүүдө. Учурда күчөтүлгөн тартипте ишти улантуудабыз", - дейт ал.

Өкүл кошумчалагандай, Нарын шаарынан өзгөчө абал алынганы менен учурда кыймыл абдан көп болууда.

"Ага байланыштуу биз шаардын кире беришиндеги төрт постту тең калтырдык. Бул жерде да кирип/чыккан унаалардын баарына көзөмөл жүргүзүлүүдө", - дейт өкүл.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Нарын облусу боюнча коронавирус жуккан 98 бейтаптын 78и айыгып чыккан.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий