• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалда 50 үй-бүлө чакан бизнес баштады

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Чаткалда 50 үй-бүлө чакан бизнес баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, министрдин орун басары Жылдыз Полотова Чаткал районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө мал чарбачылык, тигүүчүлүк жана кондитердик азыктарын бышыруу боюнча бизнес долбоорлорун ишке ашырууга 100 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды.

"Социалдык контракттын негизинде республикалык бюджеттен көрсөтүлүп жаткан бул социалдык жардамдын негизги максаттары - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жaна аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү" - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Жылдыз Полотова алыскы райондордо мындай долборлордун ишке ашырылышынын өзгөчө маанилүү экендигин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий