• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алжир президенти Бутефлика бешинчи мөөнөткө баруудан баш тартты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Алжирдин президенти шайлоо күнүн жылдырганын жана бешинчи мөөнөткө талапкер катары катышуудан баш тартканын жарыялады.

Бир нече жума мурун Бутефлика президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бул өлкө калкынын нааразычылыгын жаратып, жапырт демонстарцияларга жол ачкан. Бутефликага каршы акцияларга жүз миңдеген кишилер катышкан.

82 жаштагы президент эки апталык дарылануудан кийин, 10-мартта Швейцариядан кайтып келди.

"Эгер менен аман болсом, кызматымды жана президенттик ыйгарым укуктарымды алжир эли шайлаган мураскерге өткөрүп берүүгө милдеттеме алам", – деди Бутефлика.

Алжирдин карыган президенти өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келе жатат, бирок 2013-жылы инсульт алгандан бери эл алдына көп чыкпай калган.

Бутефлика Алжир өкмөтүндө орун алмаштыруулар болорун жарыялады. Президенттин кайрылуусунан кийин өлкөнүн премьер-министри Ахмед Уяхья отставкага кетти.

Пикир

Оставить комментарий