• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Амангелдиев: Өткөн жылы республикалык бюджетке 187 млрд сомдон ашык киреше түшкөн

Экономика 0


Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Өткөн жылы республикалык бюджетке 187 млрд сомдон ашык киреше түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Белгиленгендей, алдын ала эсептөөлөр боюнча, республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомду түздү, 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчтөрүнө салыштырганда кирешенин өсүшү 53 млрд сомду же 139,2% түздү.

Амангелдиев белгилегендей, кирешенин өсүшү салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун эсебинен жетишилди, ал көмүскөдөгү экономиканын көлөмүн кыскартуунун эсебинен республикалык бюджетке түшүүлөрдү камсыздаган.

Пикир

Оставить комментарий