• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анкара менен Ташкент товар алмашуу көлөмүн эки эсеге көбөйтүү ниетинде

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 20-августта Түркиянын Ташкенттеги элчиси Ахмет Башар Шен Anadolu агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыл соңуна чейин бул көрсөткүч эки миллиард долларга чейин жетет деп күтүлүүдө. Шен кийинки этапта өлкөлөр товар алмашуу көлөмүн беш миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатканын белгиледи.

«Буга чейин Түркия менен Өзбекстандын ортосунда экономикага байланышкан белгилүү бир пикир келишпестиктер болгон. Бирок бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев түрк ишкерлерин өзбек экономикасына инвестиция салууга чакырып жатат. Түрк бизнеси үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракеттер көрүлүүдө», – деди Шен.

Элчи акыркы эки жыл ичинде өлкө лидерлери бири-бирине иш сапарларды жасашып, ишкерлер менен жолукканын билдирди.

«Мунун баары Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык мамиленин жакшырышына жана товар алмашуу көлөмүнүн өсүшүнө түрткү болду», — деп кошумчалады Шен.

Пикир

Оставить комментарий