• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чыгыш Казакстанда ири токой өртү өчүрүлүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Казакстандын Семей шаарына жакын жердеги Краснокардонск токой чарбасында өрт өчүрүү иштери уланууда, учурда абал өрт өчүрүүчүлөрдүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаментинин Чыгыш Казакстан аймагы боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт 300 гектарга жакын аянтка жайылган. Өрт өчүрүүгө авариялык-куткаруу кызматтын, токой чарбасынын жана өрт өчүрүүчүлөрдөн турган жүздөгөн кишилер катышууда.

Учурда өрт толугу менен өчүрүлө элек, бирок абал өрт өчүрүүчүлөрдүн көзөмөлүндө.

Адистер өрттү өчүрүүгө шамал жана аймактагы бийик жерлер тоскоолдук кылып жатканын айтышууда. Кечээ тик учактын жардамы менен асмандан суу чачылган.

Кечээ социалдык түйүндөргө жарыяланган күбөлөрдүн видеолорунда автоунаа жолу жана имараттарга жакын жерден асманга коюу кара түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий