• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Анкара университети менен Кыргызстандын ЖОЖнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара университетинин ректору Неждет Үнүвар менен жолугушту.

Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда элчи Кыргызстандан келген студенттерге көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Анкара университети менен Кыргызстандын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле университетте элчи К.Өмүралиевдин кыргыз-түрк мамилелери тууралуу маалымат берүүсүн, ошондой эле Кыргызстандын байыркы тарыхына, бай маданиятына, кооз жаратылышына, салттуу жашоосуна арналган сүрөт көргөзмөсүн уюштурууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий