• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Антонина Шевченко Ливанда дүйнө чемпиону титулу үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 19-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко WMC жана Phoenix FC версияларындагы муай-тай боюнча дүйнө чемпиону титулу үчүн күрөшөт. Бул тууралуу спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Зук-Микаэле (Ливан) шаарында 29-апрелде Phoenix 2 эл аралык мелдештери өтүп, ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 20 мушкер (анын ичинде 15 дүйнө чемпиону) катышат.

Сүйүүчүлөр жана кесипкөйлөр арасында дүйнөнүн көп жолку чемпиону А.Шевченко Швециянын спортчусу Исой Тидблад Кескикангас менен беттешет.

Эскерте кетсек, кыгрызстандык спортчунун быйылкы жылдагы Lion Fight титулун коргоо мушташы марттын башында атаандашына байланыштуу болбой калган. Алейде Лавант жаракатынан улам мелдештен чыгып, француз Магали Ферони менен алмаштырылган. Бирок ал беттештин алдындагы медкомиссияны өткөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий