• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Апта: кайрадан чек ара маселеси, “Атамбаевсиз СДПК” жана Жеңиш Разаков тыңчыбы?

Коом 0

Апрель айынын биринчи жумасы абдан кызыктуу, коомчулукта чуу жараткан кабарларга мол болду десек жаңылышпайбыз. Иш жумалыктын биринчи күнү “Ак-Тилек” чек ара бекетиндеги узун кезекте турган жук ташуучу унаалар менен башталган...

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө жайында 260га жакын оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Мындай жагдай казак тараптын кошумча текшерүүсүнөн улам түзүлүп, жуманын аягына чейин чечилген жок. Кезекте турган унаалардагы жүктөр коңшу өлкөнүн аймагына кирбей, кээ бирлери артка кайтарылып, ишкерлер жапа чегүүдө.

Казак тарап, бул кырдаал Кыргызстандан барган кээ бир унаалардын үстүндөгү жүгүнүн тиешелүү ветеринардык жана фитосанитардык документтери жоктугуна байланыштуу деген.

Ал эми мамлекеттик чек ара кызматы артка кайтарылган унаалар кезекти бошотпой, ошол эле жерден документтерди бүтүрүүнүн аракетин көрүп жатышат. Ошол себептен да кезек алдыга жылбай жатат, деген.

Эки өлкөн премьер-министрлары телефон аркылуу бул кырдаалды талкуулап, КРнын бажы кызматынын төрагасы Казакстанга кесиптеши менен жолугуу үчүн учуп кеткен.

Кечээ, 6-апрелде гана Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштагандыгын кабарлады.

УКМК: Жеңиш Разаков – чет өлкөлүк тыңчы эмес

Кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан кийин коомчулукта КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тажиктердин атайын кызматтары тарабынан жиберилген тыңчысы деп тажиктик бир гезит жазып чыккандан кийин кептер айтыла баштаган.

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Жеңиш Разаков чет өлкөлүк чалгындоо кызматтарына тиешеси бар деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп кабарлады.

“УКМК айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган башка өлкөнүн чалгындоосуна тиешеси бар делген маалымат боюнча текшерүү жүргүзүп, сотко чейинки иш ачкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет өлкөлүк чалгындоо кызматтарына тиешеси жок”, – деп билдирген.

КСДП партиясынын жаңы лидери

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 3-апрелде КСДП партиясынан чыккандыгы тууралуу расмий жарыялады. Депутат анын бул кадамы, партия башында негизги багытанан адашып, ички интригалардын айынан өзүнүн милдетин так аткара албай калдыгы менен байланыштуу деген.

“Партиялар саясий элитанын тагдырын эмес, карапайым жарандардын кызыкчылыктарын коргоп, таламын талашууга тийиш. Партия төрагасынын жеке мүдөөсү, жекетаарынычы, жеке амбициясы мамлекеттин өнүгүүсүнө залакасын тийгизбеши керек. Партия ичинде интригалар күчөп, ошолорго мени да аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Мен ага аралашпайм!”, - деген А. Жээнбеков.

Анын айтуусу боюнча, партия парламенттик демократияны өнүктүрүүчү күчкө эмес, жеке адамды жана анын бир ууч тобун сактоочу инструментке айланып баратканын, КСДПга эмгеги сиңгендер четке сүрүлүп, бир адамдын диктатурасы орноп калган.

“КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергисин тийгизбеши абзел. Мен өмүр бою КСДПда мүчө болуп жүрөм деп ойлогом. Ага чейин бир да партияда мүчө болгон эмесмин. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсан катары Кыргызстан социал-демократтар партиясынан чыгуу чечимин кабыл алганымды расмий жарыялайм”, - деп парламенттин трибунасынан билдирген.

Ошол эле күнү Бишкекте КСДП партиясынын айрым өкүлдөрүнүн XVIII курултайы өтүп, анда экс-президент, учурдагы КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу демилгеси көтөрүлгөн.

Иш-чарага партиянын бардык облустарынан келген 300гө жакын өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, аксакалдар жана коомдук жана саясий ишмерлер катышкан.

Уюштуруучулар Атамбаевге чакыруу жөнөтүлгөнүн, бирок ал келбей койгонун айтышкан. Алар билдиргендей, Атамбаев курултайда отчет бериши керек болчу, ага бул жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.

Анын ордуна курултайдын катышуучулары “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдрахмановдун отчетун угушкан. Ал өзүнүн докладында партия коррупцияга малынып, өлкөнү карыздын “кудугуна” салган адамдардан тазаланышы керек деп билдирген. Андан тышкары партия элден кечирип сурап, бул адамдардан тазаланышы керек, деди.

Курултайдын жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан кетирүү тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынган. Андан тышкары партиянын өкүлдөрү жаңы лидерди тандашкан. КСДП партиясынын жаңы лидери болуп “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдырахманов тандалган.

Кол тийбестик маселеси көңүл чордонунда

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. "Макул" – 111, "каршы" – 3 эл өкүлү добуш берген.

Парламенттин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгелешкен.

Демилгечилер мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган "КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт.

Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.

Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду.

Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат. Алар Кыргызстандын бир дагы жараны мыйзамга жамынып алып кылмыш иштерин жасай бербеши керек, мыйзам алдында башка жарандардай эле жооп бериши керек экенин белгилешти.

Ал эми куулган эки президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев кол тийбестик макамына ээ эмес, анткени алар куулуп кетирилгендиги да айтылган.

Демилгечилер тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин 3-окуусунда жактырылган. Эми президент бул мыйзамга кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий