• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Апта: Төраганын катасы көп "каты", бензин арзандайт, КТРКнын жаңы жетекчиси

Коом 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган катасы бар каты расмий документ экени ачыкталып, ал окуя кызуу талкууга түштү. Өткөн аптада социалдык тармактарда чыккан "каттын" расмий документ экенине көптөр ишене берген эмес. Анткени, грамматикалык каталардан тышкары ал катта орусча сөздөр аралашып кеткен. Тилекке каршы ал расмий документ болуп чыкты...

Бул аптада дагы кандай жаңылыктар чыкты алдыда тааныша аласыздар.

Төраганын кыргызча-орусча каты расмий документ

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган иш каты расмий кат болуп чыгып, аны жазган кызматкер жумуштан алынды. Спикердин премьер-министрге жөнөткөн катында кеминде 10 ката болуп, башы кыргызча аягы орусча аяктаган.

Алгач ал кат социалдык тармактарга чыкканда көптөр ага ишенген эмес. Көпчүлүк бул Жогорку Кеңештин ишине доо кетириш үчүн бирөөнүн жасаган иши деп айтып чыгышкан. Бирок, ал кат расмий документ экенин жана аны төрага эмес анын жардамчысы жазганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы ырастады.

"Тилекке каршы, аталган документте чыны менен одоно каталар орун алган. Бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган", – деп билдирди парламенттин маалымат кызматы.

Эми ал кат расмий документ экени билингенден кийин, Жогорку Кеңештин коомдогу аброюна чыны менен доо кетти. Бул боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев пикирин билдирип, ал кат башка өлкөнүн өкмөт башчысына жазылса эмне болмок жеген суроо салган.

"Бул өтө туура эмес иш болуп калды. Жалпы эле бийликте кадрдык маселе бар экенин айгинеледи. Дагы жакшы бул биздин премьер-министрге жазылган. Эгер Казакстандын же Өзбекстандын премьер-министрине жазылса эмне болмок эле?", - деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, ошол кат үчүн Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматтан алынган. Төраганын кеңешчиси катары Сабырбеков анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болуп келген.

КТРКда жаңы жетекчи

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жетекчилиги үчүн чоң күрөш жүрүп, жыйынтыгында НТС каналынын директору Жайнак Үсөн уулу башкы директор болуп шайланды. Жаңы жетекчи үчүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин 13 мүчөсү добуш берди.

Бул кызматты ээлейм дегендердин ичинде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, активист Адиль Турдукулов жана журналист Галина Байтерек жана башкалар болгон. Алардын арасында КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков да болуп, бирок өткөн аптада ал талапкерлигин алып салган.

Эми Жайнак Үсөн уулу 19-мартта кызматына киришет.

Эскерте кетсек, Илим Карыпбековдун башкы директорлук кызматындагы иш мөөнөтү 19-март күнү аяктайт.

КТРКнын башкы директору Байкоочу Кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Бензин 3% арзандайт

Кыш мезгилинде күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшү айдоочуларга материалдык оорчулук алып келди. Ал боюнча коомчулукта бир катар нааразычылыктар айтылып, маршруттук таксилердин айдоочулары жол киренин баасын көбөйтүү үчүн митинг кылууга да даяр болушту.

Жакында Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы билдиргендей, учурда күйүүчү майлардын баалары 2,8-3,5%га төмөндөгөн. Тагыраагы, 2019-жылдын январь-февраль айларында бензин 1,5 сомго, дизель майы 1,3 сого арзандаган.

Ошол эле учурда, март айында россиялык мунай заттары рыногунда күйүүчү майлардын сатылыш баалары жогорулап, бензин 3%га жана дизелдик күйүүчү май 6%га кымбаттаганы белгиленген.

"Россиянын рыногунда баалардын өсүшүнө алдыда келе жаткан үрөн себүү мезгилине карата суроо-талаптардын көбөйүшү таасир эткен. Ошондой эле ага, дүйнөлүк рыноктогу мунайдын баасы себеп болгон", - деп билдирет нефтетрейдерлер ассоциациясы.

Бирок март айында күйүүчү майлардын баалары көтөрүлбөйт. Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын билдиргени боюнча, алардагы запастарды эске алганда март айында Кыргызстанда бензиндин баасы 3%га чейин төмөндөшү жана дизелдик майдын баасы бүгүнкү күндөгү деңгээлде сакталып турары божомолдонууда.

Ошондой эле аталган ассоциация, өлкөдөгү мунай заттарына болгон муктаждыкты толугу менен жаап жаткандыгын белгиледи.

"2019-жылдын январь-февраль айларында жалпысынан 164,6 миң тонна мунай зат импорттолгон. Анын ичинен бензин – 88,9 миң тонна, дизель – 75,6 миң тонна", - деп билдирет аталган ассоциация.

Ал эми, Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги билдиргендей, бул жылы жазгы талаа иштерине болжол менен 115,7 миң тонна күйүүчү май керектелет. Анын ичинен дизель - 90,6 миң тонна, бензин - 25,1 миң тонна.

Экинчи кош сызыкты ким чийген?

"Атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, Бишкектин Манас проспектинде экинчи кош сызык пайда болуп калган. Ал чийин айдоочулардын көптөрүн адаштырган. Алардын айрымдары социалдык тармактарда "бул эмне болгон сызык?", "ким чийген?", "веложолдун чийинин жол ортосуна чийиштиби?" деп таң калышкан.

Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, муниципалдык кызматтар эски чийиндерди өчүрүп, анын ордуна жаңысын чийиш керек эле. Бирок, алар жаңы чийинди эски сызыктарга жанаша тартып салышкан.

Көп өтпөй Бишкек шаарынын мэриясы жолдогу катачылыкты оңдоп, туура эмес чийиндерди өчүргөн.

Пикир

Оставить комментарий