• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араван районунда буудай орум башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда буудай орум иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районуна иш сапары менен барып, оруп-жыйноо иштери менен таанышты.

"Араванда буудай бышып, бүгүн оруп-жыйноо жумуштары башталды. Биз дыйкандарга урук сатып алууга, күйүүчү май жана техника тарабынан колдон келишинче жардам көрсөтүп жатабыз. Ошондой эле банктардан жеңилдетилген насыялар берилүүдө. Буудай жөнүндө айта турган болсок, быйыл Өзбекстандын Аср жана Давр деген сортторун сунуштаганбыз. Себеби бул сорттордун түшүмдүүлүгү жогору болот экен. Оруп-жыйноо жумуштары бүткөндөн кийин анализ кылып көрөбүз жана дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз", - деди облус башчысы.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Араван районунда 400 гектар аянтка, ал эми Ош облусу боюнча 64 миң гектарга кылкандуу дан эгиндери эгилген.

Пикир

Оставить комментарий