• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араванда эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктан ажыратуу каралууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Прокуратура Араван районунда эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында социалдык тармактарга эки жаштагы эгиз кыздарга карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап, анда энеси төшөккө заара ушаткандыгы үчүн эгиз кыздардын сабап, зомбулук көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Араван районунда болгондугу аныкталган.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Д.С. аттуу жаран кармалган. Кылмыш иши боюнча эгиз кыздардын энеси Д.С. карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасы (кайненеси) А.Х. аттуу жаранга карата 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий