• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Алар жасалма акча сатуу менен алектенген

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды.

Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан Республикасы жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, КР жана Өзбекстан Республикасынын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.

Учурда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн (Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркиянын жарандары) аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий