• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 20,8 миң жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.05.23./Кабар/. Кыргызстанда 29-апрелден 5-майга чейин 20 миң 817 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришти.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу -247;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -192;

-Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-63;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 318;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 6 миң 95;

-Авто ээнбаштык - 14;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2 миң 989;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 4;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 895;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий