• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араванда "Айыл өнүксө - өлкө өнүгөт" семинарынын алкагында 250 түп арча отургузулду

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. 15-мартта Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө “Айыл өнүксө - өлкө өнүгөт” аталышында семинар өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Алля Анаров айыл өкмөтүндө аткарылган жана жасалып жаткан жумуштар көрсөтүлдү.

Семинар президенттин өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен уюштурулуп, Ош облустук Ардагерлер жана аялдар кеңешинин мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары катышты.

Иш-чаранын катышуучулары Алля Анаров айыл өкмөтүндө курулуп жаткан көп кабаттуу ипотекалык үйдүн курулушу, арзан маршруттук такси, акысыз окуучуларды ташыган автобус, социалдык акысыз дүкөн, тазалык ишканасыналарынын аткарып жаткан жумушу жана Маданият айылында облус башчысынын демилгеси менен жаңы ыкма менен курулуп жаткан таш жол менен жеринде таанышып, “Жашыл Мурас” өнөктүгүн улай Алля Анаров айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсүнүн жээгине 250 түп арча олтургузушту.

Мындай семинар Ош облусунда алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Анын максаты Ош облусунун айыл өкмөттөрүнүн өз ара кызматташуусун күчөтүү жана тажрыйба алмашуу.

Пикир

Оставить комментарий