• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Арстанбап: Таш кулоо коркунучунан 4 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында 11 турак үйгө аскадан таш кулоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-майда Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Тураев көчөсүндө жайгашкан 11 турак үйгө аскадан таш кулоо коркунучу жаралган.

"Алдын алуу максатында айыл аймактан 4 киши тартылган. 12-май күнү өтө кооптуу болгон 4 турак үйдүн тургундары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. 13-май күнү айыл аймак тарабынан 4 кызматкер тартылып нөөмөт уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий