• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ашхабаддагы Азия оюндары: КР куржунунда 17 медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 20.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда 17 медаль болду (1 алтын, 10 коло). Бул тууралуу оюндун расмий сайтында маалымдалат.

Биринчи медалды Ариев Бекишов алган. Ал джиу-джитсу боюнча 62 кг чейинки салмак категорияда “коло” медаль тагынган.

18-сентябрда Ашхабаддагы Азия оюндарынын жабык имараттардагы оюндарында Кыргызстандандан барган спортчулар 7 медаль багындырганга жетишишкен. Алардын арасында спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев джиу-джитсу боюнча 85 кг чейинки салмак категориясында чыгып, “алтын” медаль уткан.

Оюндун төртүнчү күнү 19-сентябрда, кыргыз спортчулары спорттун ар кандай түрүнөн 9 медаль багындырышкан.

Эске сала кетсек, Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 153 спортчу барып, алар спорттун 17 түрү боюнча мелдешке катышышат.

Пикир

Оставить комментарий