• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ат-Башынын балыгы экспортко чыгарылат

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Ат-Башы районунда балык чарбаларынын ишмердүүлүгү жолго коюлуп, өндүрүлгөн балык продукциясы жакында башка мамлекеттерге экспортко чыгарылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Ат-Башы районунда өткөрүлгөн облустук деңгээлдеги айыл чарба семинарында маалым болгонун, президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинарда Калинин айылынын "Саз" участкасындагы жеке ишкер Улан Эшмамбетовдун балык чарбасынын иш тажрыйбасы башка райондордун жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тааныштырылды.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев чарбанын ишине жогорку баасын берип, семинардын максаты мындай тажрыйбаларды башка айылдарга жайылтуу экенин айтты.

Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров райондо 5 балык чарбасы болсо, алардын эң көлөмдүүсү ушул чарба экенин, жакында бул жерде балыкты тоңдуруп, экспортко чыгара турган ишкана ишке кирерин, райондогу балык чарбасынын логистикасы ушул чарбада түзүлүп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, быйыл дагы 4 балык чарбасынын ишке киргизүү үчүн долбоорлор даярдалып жатканын маалымдады.

Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Стамакуновдун айтымында, Калинин айылындагы балык чарбанын орду мурда мал жайылган саздак жер болчу. 2015-жылы жеке ишкердин өтүнүчү менен 2 гектар жер трансформацияланып берилген. Андан бери кардарлардын саны көбөйүп, балык өстүргөн көлмөлөрдүн саны 15ке жеткен. 2021-жылы жеңил конструкция менен заманбап тамактануу жайы курулган. Быйыл дагы 7 гектар таштак жер чечилип берилип, этно комплекс, балыкты тоңдуруп, экспорттоочу ишкана, мейманкана, ден соолукту чыңдап, эс алуучу борбор курулары мерчемделип жатат. Айыл өкмөттүн бюджетине аталган балык чарбадан жылына 50 миң сом каражат түшөт жана айыл элине ар кандай социалдык колдоолор көрсөтүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий