• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган - УКМК

Коом 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Атамбаев үйүнө элдерди чогултуп, аларга 1 миңден 3 миң сомго чейин төлөп берген.

УКМКнын башчысы эмне үчүн операцияга атайын "Альфанын" спецназдары жөнөтүлгөндүгүн да түшүндүрүп берди.

Анын айтуусу боюнча, “Альфа” түзүмү чындыгында террористтик аракеттерге каршы колдонулат. УКТ жана баңгизат саткан адамдарды кармоодо “Альфа” түзүмү тартылат.

“Атайын түзүм, ыкчам кызматкерлерди сырттан келген күч колдонуулардан сактоо үчүн барган. Ошол себептен алардын саны аз болгон. Күчкө салып, мажбурлап алып келүүнүн 5 варианты болгон. Биринчиси – эң оптималдуу жана реалдуу вариант болгон. Анткени, ИИМдин, УКМКнын жана спецназдардын ар бир кадамы Атамбаевин штабына "жеткирилип" турган. Ошол себептен Атамбаевдин штабына күтүүсүздөң кирүү чечими кабыл алынган. Атамбаев 500 адамды чогулткан. Алар көбүнчө, балдар, аялдар жана улгайган адамдар болгон. Баарыңар жакшы түшүнүп жатасыздар, өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ал кан төгүү керек болчу", - деди ал.

Опумбаев билдиргендей, Атамбаев үйүнүн терезе, эшиктерине темир торлорду коюп, үйүн коргонууга даярдаган.

“Үйүнүн ичинде снайпердик СДВ мылтыктары, 2 цинк ящиги, 480 ок табылган. Андан тышкары, 4-5 винтовка, тапанча жана башка куралдар табылган”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий