• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азамат Токтоналиев Бишкек ШИИББнин башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.08.23. /Кабар/. Азамат Токтоналиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Ички иштер министрлигинде ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББнин башчысы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Талас ОИИБнин мурдагы башчысы Азамат Токтоналиев дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий