• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат

Коом 0

Бишкек, 19.08.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар эртең, 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 20-августунда күчүнө кирет.

Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын – паспортторунун бардык типтеринин ээлери (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттору) 30 күнгө чейин эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотулат.

Пикир

Оставить комментарий