• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азербайжандын АзерТАдж Улуттук маалымат агенттиги 100 жашта

Дүйнө 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Азербайжандын АзерТАдж Улуттук маалымат агенттиги өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгиледи.

ÄZERTADJ — Азербайжандын ири маалымат ресурсу жана жергиликтүү, эл аралык маалыматтар менен таанышууда расмий булак болуп саналат. Аталган агенттик Азербайжан Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси менен 1920-жылдын 1-мартында негизделген. Советтик бийлик учурунда аталышы бир нече жолу өзгөргөн. Бирок, Азербайжан кайрадан көз карандысыздык алгандан соң агенттик өзүнүн тарыхый аталышын кайтарып алган. 1995-жылдын 3-мартынан тарта министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик телеграф агенттиги болуп, 2000-жылдын 17-январынан тартып Азербайжандын мамлекеттик телеграф агенттиги деген аталышка ээ болгон.

АзерТАдж расмий мамлекеттик жаңылыктарды таратуу менен бирге сутка ичинде коомдук-саясий, экономикалык, илим, билим, маданият, саламаттык сактоо, спорт жана башка бир катар тармактар боюнча так, туура жана эң башкысы тастыкталган маалыматтарды өз окурмандарына сунуштап келет.

Агенттик өзүнүн маалыматтарын жети тилде чыгарат - азербайжан, орус, англис, немец, француз, кытай жана араб тилдеринде.

Андан тышкары, АзерТАдж бир топ ири чет элдик маалыматтык агенттиктер менен кызматташат. Алардын катарында Россиянын ИТАР-ТАСС, Түркиянын Анатолия маалымат агенттиги, Сербиянын ТАНЮГ, Беларустун БЕЛТА, Венгриянын MTI, Латвиянын LETA, Кыргызстандын «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттиги жана башкалар бар.

Пикир

Оставить комментарий