• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия чемпионаты: балбан Жоламан Шаршенбеков алтын үчүн күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 20.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алды. Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыкты. Кыргыз балбаны атаандашынын далысын жерге басууга аракет жасады. Бирок ал жыйынтык берген жок. Шаршенбеков упай (6:1) артыкчылыгы менен Фидахметовду утуп алды.

Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенге каршы чыгат.

Азия чемпионатында буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль багындырса, Роман Ким (130 кг) коло медалга татыган.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий