• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия Кубогунда жарым финалга чыккан эки команда аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 25.01.19./Кабар/. Кечээ, 24-январда футбол боюнча Азия кубогунун чейрек финалдагы эки оюну өтүп, жарым финалга чыккан эки курама аныкталды.

Эми жеңишке жетишкен Япония менен Иран 28-январь күнү жарым финалда бири-бирине каршы ойношот.

Чейрек финалда Япония Вьетнам менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңип алды. Ал оюнда Рицу Доан 57-мүнөттө пенальтиден гол киргизди. Ал пенальтиде VAR (видеобайкоо) системасы ишке жарап, калыс видео кайталоонун негизинде пенальти берди.

Ал эми Иран-Кытай беттешинде ирандыктар күчтүү чыгып, каршылаштарын 3:0 эсебинде утту. Бул оюнда Мехди Тареми, Сердар Азмун жана Карим Ансарифард гол киргизишти.

Белгилей кетсек, бүгүн да чейрек финалдык эки оюн өтүп, Австралия менен Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Корея менен Катар оюн өткөрөт.

Эскерте кетсек чейрек финалга чыгуу үчүн оюн талаасына чыккан Кыргызстандын футбол курамасы БАЭге жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий