• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана журналисттер көк бөрү ойношот

Спорт 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Бишкектеги Аккула ат майданында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата көк бөрү боюнча таймаш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, мамлекеттик агенттиктин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары катышат.

Мелдеш улуттук спорт түрлөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, достук мамилелерди бекемдөө максатында өткөрүлүүдө.

Бул иш-чараны өткөрүүнү депутат Канатбек Исаев демилгелеп чыккан.

Көк бөрү боюнча оюн 23-февраль күнү саат 10:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий