• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

24 команда – бир жеңүүчү: АФК Азия Кубогунун проморолигин сунуштады (видео)

Спорт 0


Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. 24 команда, 6 группа, 51 оюн – бир жеңүүчү. Азия футбол конфедерациясы 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатынын проморолигин сунуштады.

Анда континенталдык биринчилик катыша турган 24 команда тууралуу көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Азия чемпионатына Кыргызстан окуу-машыгуусун Доха шаарында (Катар) өткөрөт. Даярдык 8-декабрда башталып, 3-январга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий