• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Бишкекте жылуулук бериле баштайт – мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.10.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкек мэринин буйругуна ылайык, бүгүн калаада жылуулук бериле баштайт.

Гидрометборбордун маалыматына ылайык, 18-октябрда аба ырайынын кескин төмөндөшү башкалып, +1-3˚С чейин түшүп, жаан карга айланыш мүмкүн.

Объектилерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет.

Эске сала кетсек, мурда “Бишкекжылуулукэнерго” ААК, “Бишкекжылуулуктармагы” жана Бишкек шаарынын ЖЭБ толугу менен жылуулук мезгилине даяр экендигин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий