• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн дагы 431 адамдан COVID-19 табылды. Жалпы 51 миң 20 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда 16-октябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 431 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 51 миң 20 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 70
  • Ош - 44
  • Чүй облусу – 34
  • Ош облусу - 147
  • Талас облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Жалал-Абад облусу – 65
  • Баткен облусу - 52

Пикир

Оставить комментарий