• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн дагы 494 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 36 299 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 494 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 36 миң 299 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 112
  • Ош шаары – 66
  • Чүй облусу – 33
  • Ош облусу - 95
  • Талас облусу – 2
  • Нарын облусу – 16
  • Ысык-Көл облусу – 94
  • Жалал-Абад облусу – 53
  • Баткен облусу – 23

Пикир

Оставить комментарий