• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Кыргызстанда алгачкы ирет Комуз күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанда алгачкы ирет Комуз күнү белгиленет. Эске салсак, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ага ылайык, өлкө аймагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган.

“Комуз күнү” төмөнкү жерлерде белгиленет:

  • 9-сентябрь күнү саат 10:00дө К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция;
  • 9-сентябрь күнү саат 12:30да Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы;
  • 9-сентябрь күнү 16:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү;
  • 9-сентябрь күнү 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында “Таңшы комуз” аттуу гала концерт;
  • 9-сентябрь күнү аймактарда республиканын баардык региондорунда “Комуз күнүнө” карата атайын иш-чаралар;

Пикир

Оставить комментарий