• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүнкү күндө КРда бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван цемент заводунун ачылышында билдирди.

Бизнести колдоо боюнча мамлекеттик демилгелерге токтолуп келип, Мамлекет башчысы акыркы мезгилде ишкерлерге коюлган тоскоолдуктарды четтетүү үчүн бир топ иш жасалганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Бизнести каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, каттоо үчүн 3 күндөн ашык убакыт кетпейт. Региондогу эң либералдуу салык режими- төмөн салык ставкалары менен түзүлдү. Жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулду", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков жаңы ишканалардын бирөө дагы айлана чөйрөгө, экологияга зыян тийгизбеши керектигин баса белгиледи.

"Таза экология — өлкөнүн улуттук байлыгы. Адистер Араван цемент заводун экологиялык эң таза ишкана деп белгилеп жатышат. Анткени өндүрүштө 16 аба тазалагыч фильтр, 2 кубаттуу чоң фильтрлер орнотулуп, айлана чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгышына жол бербейт", - деди Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы Араван цемент заводунун ачылышында.

Пикир

Оставить комментарий