• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто акысыз негизде ВИЧ илдетине текшерүү жүрүүдө

Аймак 0

Ош, 03.11.18. /Кабар/. Ош шаарында калкты ВИЧ илдетине акысыз жана купуя түрдө текшерүү айлыгы жүрүп жатат.

Ош облусунун СПИД менен күрөшүү Борбору Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата 1-ноябрдан 1-декабрга чейин ВИЧ илдети менен ооруган адамдарды аныктоо максатында атайын бекер жана жашыруун текшерүү жүргүзүүдө. Текшерүү экспресс тестирлөө ыкмасы менен жүргүзүлүп, жыйынтыгы 20 мүнөттүн ичинде даяр болот.

Белгилей кетсек, СПИД менен күрөшүү айлыгы “Өзүңдүн статусуңду бил” деген ураан астында өтүүдө.

Текшерүү күн сайын саат 9:00дөн 15:30га чейин Ош шаарынын Моминов көчөсү №10 дареги боюнча жүргүзүлөт. Кайрылуу үчүн телефондор: (03222) 7-66-30, (03222) 7-47-26.

Пикир

Оставить комментарий