• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 46 миң 627 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавирусту аныктай турган 46 миң 627 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 47 миң 319ду түзөт. “Ал эми алардын ичинен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны - 46 миң 627”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ке жетти. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий