• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баары ачык болот. Шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаров билдирүү жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

Жапаров өз сөзүндө анын талапкерлигин колдогондорго ыраазычылык билдирип, элдин ишеничин актоого болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.

“Өлкө экономикасы, саясий кырдаал өтө оор мезгилге туш келген учурда бийлик башына келип жатам. Ошондуктан жакынкы 3-4 жыл аралыгында сиздердин колдоо бүгүнкүдөн да артык керек болот. Себеби 30 жылдан бери үйүлүп калган экономиканы калыбына келтирүү үчүн 1-2 жыл жетишсиз. Аны барыңыздар жакшы билесиздер. Бирок ошентсе да жакынкы аралыкта экономикалык абалыбызды жөнгө салып, 2-3 жылдан кийин кризистен чыгып кетерибизге толук көзүм жетет. Ал үчүн бизге саясий туруктуулук керек. Коррупция 30 жылда калыптанып калган. Ал жөн эле коррупция эмес, экономикалык, саясий жана кландык башкаруу коррупциясы. Мындан ары мындай “акмакчылыкка” жол бербейбиз. Ар бириңиздер коррупцияга каршы күрөштө жардам берүүңүздөр керек. Биз мурдагы бийликтин катасын кайталабайбыз. Баары ачык болот. Өкмөттүн эшиги эл үчүн дайым ачык. Саясий куугунттукка жол бербейбиз. Өлкө үчүн зыян келтиргендер мыйзам алдында бирдей жоопкерчилик тартууга тийиш. Биз эски бюрократ саясатчылардан тазаланышыбыз керек. Бул жалпы элдин талабы", - деди ал.

Жапаров өз билдирүүсүндө сыртта эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды Мекенге кайтарып келүү керектигин кошумчалады.

"Мамлекетибиздин тышкы карызынан кутулалы. Ал үчүн баарыбыз "бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгаралы. Президенттикке өз талапкерлигин көрсөткөн аттандаштарыма ыраазычылык билдирем", - деп кошумчалады өз билдирүүсүндө Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий