• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаары боюнча шайлоочулардын 23%ы добуш берди - Өмүрзаков

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаары боюнча жалпысынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумда шайлоочулардын 23%ы добуш беришти, башкача айтканда, 11,5 миңден ашык шайлоочу катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Турусбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаары боюнча жергиликтүү кеңештерди шайлоого 50 миң 126 шайлоочу, ал эми референдумга добуш берүүгө 50 миң 91 шайлоочу катталган.

Ал шаар боюнча шайлоо мыйзамдарын олуттуу бузуу фактылары катталбаганын белгиледи. “Жалал-Абад шаарынын №2092 шайлоо тилкесинде саясий партиялардын бири бет каптарды таратып жатат деген маалымат социалдык тармактарга тарап кеткен, бирок ал атайын кызматкерлер тарабынан такталган эмес. 15-20 адамдын биринен жашыл түстөгү беткаптар аныкталып жатты. Бул боюнча шаардык Ички иштер башкармалыгына кат жөнөтүлдү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий