• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламенттик шайлоого катышуудан алты талапкер баш тартты. Кимдер?

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бир мандаттуу округдардан парламенттик шайлоого катышуудан алты талапкер баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Шайлоого катышуудан баш тартуу арызы менен Эркинбек Чодуев, Токтоналы Нусубалиев, Салиман Малдыбаева, Акылсайры Жумабекова, Улан Карагулов жана Асан Шакиров кайрылган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жыйын учурунда 306 талапкер шайлоого бир мандаттуу округдан катышарын айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий