• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы Конституция боюнча импичментти демилгелөө жараяны кыйла жеңилдетилди – Азамат Акматалиев

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Жаңы Конституциянын долбооруна "макул" демилгелүү топтон жетекчиси Азамат Акматалиев, КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Азамат Акматалиев эмне үчүн негизги мыйзамдын жаңы редакциясын колдоо керектигин айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, жаңы Баш мыйзам боюнча президентке импичмент жарыялоо жараяны кыйла жеңилдетилген, ага мамлекет башчысынын, анын министрлеринин жана администрациясынын соттордун жана Жогорку Кеңештин ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү гана түрткү боло алат. Ошондой эле президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз бир да министрди кызматка дайындай албайт. "Бул чоң позитивдүү жагдай. Анткени эски Конституцияда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес", - деди Акматалиев.

Ошондой эле ал белгилегендей, элдин башкы талабы - бул саясий туруктуулук, экономиканы көтөрүү, коррупцияны жок кылуу, коомдогу көйгөйлүү маселелерди анын ичинде жакырчылыктан чыгуунун жолдорун табуу үчүн күчтүү саясий эрктин болуусу.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт.

Пикир

Оставить комментарий