• 84.78
  • 99.84
  • 1.17

Баары ишкерлер үчүн: реформалар жана бизнести колдоо жолу

Аналитика 0

Бизнес-коомчулук Кыргызстандын экономикасынын кубаттуу кыймылдаткычы болуп санаат: алар жумуш ордуларын түзүп, салык төшөшөт жана республиканын индустриясын өнүктүрүшөт. Бирок, өткөн жылы пандемия башталгандан бери ишерлер түрдүү чектөөлөрдөн жапа чекти. Өзгөчө кичи жана орто бизнес жабыркады. Жакында эле белгилүү чектөөлөрдү киргизүү тууралуу маселе кайрадан көтөрүлдү. Түнкү убакта кафе жана ресторандардын ишмердүүлүгүн чектөө божомолдонду. Бирок, көпчүлүк муну көтөрө албай тургандыгын түшүнүп, мындай идеядан баш тарышты.

Кечээ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн бизнес-коомчулугу менен жолугушуп, топтолгон көйгөйлөрдү талкуулап, экономикалык каатчылыктан чыгуунун алгылыктуу жолдорун ортого салды.

«Ишкер — бул экономиканын, коомдун жана инновациянын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы. Силердин ак эмгегиңер, карандай мээнетиңердин аркасында жумуш орундары түзүлүп, салыктар төлөнүп, өлкөнүн бюджети толтурулууда. Калкты керектүү товарлар менен камсыздап, кызмат көрсөтүп, азык-түлүк коопсуздугун сактоого үлүш кошуп келесиздер», — деп белгиледи президент.

Жапаров бүгүнкү күндө ишкерлер республиканын экономикасынын дээрлик 85%ын түзөрүн кошумчалады. Ошол себептен, жалпы эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринен баштап катардагы кызматкерлерине чейин ишкерлерге болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүүлөрү зарыл.

С.Жапаров белгилегендей, эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын экономикалык өнүгүү деңгээли салыштырмалуу төмөн деңгээлде. «Кыргызстан дагы эле жакырчылыкты жеңе албай келе жатат. Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли дээрлик 25 пайызга жетти, ал эми, алыскы аймактарда 40 пайызга чейин жетүүдө. Бул сандар региондордун экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу диспропорция сакталып жатканын билдирет.

Ошондуктан, биз шаардын жана региондордун жарандарынын ортосундагы киреше айырмасын азайтууга тийишпиз — аларды минималдаштыруу зарыл», — деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Муну менен катар, мамлекет башчысы жакында эле кол коюлган «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкерлерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» алгачкы жарлыктарын эске салып, жакынкы аралыкта бул жарлыктарды аткаруунун жүрүшүнө баа берилерин, ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жооп беришерин айтты.

Президент ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүнө кепилдиктерди берүүнүн олуттуу системасы түзүлбөсө, алар өлкөнүн экономикасына каражат салууга кызыкдар болбостугун баса белгиледи. Ишкерлер келечекке жана өз инвестицияларынын корголушуна ишениши шарт, антпесе өлкөдөн «капиталдын агып кетишин» токтотуу мүмкүн эмес.

«экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Биринчи милдет — экономикалык субъекттерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берүүчү чараларды жана чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Ал үчүн соода жаатындагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү. Экинчи милдет — мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана жумушчу орундарын түзүү керек»,-деди мамлекет башчы..

Ошондой эле, президент үстүбүздөгү жылдын 5-майындагы Кыргызстан элине кайрылуу жасаганын, анын жүрүшүндө республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө көз карашын айтканын эске салды.

«Биз экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Ал эми санариптештирүүнү ар бир жарандын турмушуна таасир этишин камсыз кылабыз. Башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери толугу менен автоматташтырылат. Биз өсүп-өнүгүүнүн жаңы пайдубалын түптөө үчүн жаңы эрежелердин негизинде иш алып барабыз», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү чечкиндүү түрдө кыскартыларына жана жагымдуу, адилеттүү шарттарды түзүүгө бүт күч-аракеттер жумшаларын белгиледи. Бул көптөгөн органдарга таасирин тийгизет, анткени президент белгилегендей, азыр бизнеске болгон басым токтобойт. Муну менен катар мамлекет башчысы Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болду. Ошону менен бирге, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги Коррупцияга каршы кызматы дагы жоюлат. Президент КРнын Башкы прокуратурасы ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо боюнча негизги орган болушу керек деп кошумчалады. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага атайын жана тийиштүү чечимдерди тез арада даярдап чыгуу тапшырылды. Бул чараны ишке ашырууну тездетүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасына жана башкы прокурорго тапшырма берилди.

Мындан сырткары, президент алдыдагы дагы бир маанилүү иш-чаралардын бирине — Соода-өнөр жай палатасын кардиналдуу түрдө реформалоого токтолду. Бул уюм ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп, эл аралык ишкерлер менен байланыштарды чыңдап, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында мамлекет менен эриш-аркак иш алып барышы керек.

«Тилекке каршы уюм өз потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай, миссиясын өтөй албай келет. Бул уюмдун ишин жакшыртуу үчүн Япония жана Түркия мамлекеттеринин моделине көңүл бургум келет. Инвестиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча чечимдерди бир айлык мөөнөттө даярдоо тапшырылган. Ошондой эле эркин экономикалык аймактардын концепциясын түп-тамыры менен кайрадан карап чыгуу зарыл. Бул маселе кыйла жылдардан бери көтөрүлүп, бирок чечилбей келет. Буларды чечүүнүн мезгили келди деп ойлойм», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент өз сөзүндө бардык бийлик бутактарынын жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, айрыкча укук коргоо жана фискалдык органдардын көңүлүн жеке секторго болгон көз карашты жана мамилени өзгөртүүгө бурду. Ушундай жол менен мамлекеттин жана жеке сектордун ортосундагы чыныгы өнөктөштүктү, ишеничти орнотууга кадам жасалат.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий