• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Багдадда кыргызстандык кыз каза болду. Чоо-жайы такталууда

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Багдад шаарында иштеп жүргөн С.М. аттуу кыргызстандык кыз каза болду.

КР ТИМ басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, буга байланыштуу ирак тарап менен С.М. аттуу КР жаранынын өлүмү боюнча фактыны тастыктоо/жокко чыгаруу өтүнүчү менен ыкчам сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында ирак тарап Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча КР жараны С.М. болжол менен каза болгондугун, ал эми бул учурда маркумдун сөөгү Багдад шаарынын өлүкканасында жаткандыгын билдирди.

Учурда бул окуя боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат күтүлүүдө.

Бул маселе боюнча бардык иштер маркумдун жакындары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө.

Маселе министрликтин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий