• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакирова Нарын облустук сотунун биринчи жарым жылдыктагы отчетун онлайн укту

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакированын катышуусунда Нарын облусунун жергиликтүү сотторунун биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгү боюнча онлайн кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге төрайымдын орун басарлары Качыке Эсенканов, Нургуль Асанова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, ошондой эле Нарын облустук сотунун судьялары, шаардык, райондук, административдик соттордун төрагалары жана судьялары онлайн катышышты.

Кеңешмени Нарын облустук сотунун төрайымы Майрагүл Дуйшенбекова ачып, күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырды.

Мындан соң, Нарын облусундагы биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттор тарабынан 2020-жылы каралган иштер боюнча маалыматтар менен Нарын облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басарлары Азамат Койломбаев, жарандык жана экономикалык иштер боюнча Гүлсүн Арзыгулова, административдик иштер боюнча облустук соттун судьясы Алтынбек Бердибеков тааныштырды.

Нарын облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан, статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын алты айында жалпысынан 3174 иш каралып, ал эми 2020-жылга салыштырмалуу 816 ишке көп каралган. 2021-жылдын жарым жылдыгында жогоруда жалпы каралган иштердин 5 пайызы гана даттанылган.

2021-жылдын жарым жылында Нарын облустук сотунун өндүрүшүндө жазык, жорук, бузуулар, соттук материалдар болуп жалпы 64 иш келип түшкөн, анын ичинен 43 иш, 58 адамга карата соттук актылар каралган, 29 адамга карата соттук акты өзгөртүүсүз, 13 адамга карата соттук акты толук жокко чыгарылган.

Бул көрсөткүч 2020-жылдын жарым жылына салыштырмалуу 2021-жылдын жарым жылында 4 ишке аз даттануу келтирилген.

Жарандык жана экономикалык иштер боюнча 2021-жылдын жарым жылында Нарын облустук сотунун өндүрүшүндө жалпы 140 жарандык иш жана соттук материал болгон, анын ичинен 90 иш каралган, 56 иш боюнча соттук акты өзгөртүүсүз, 25 иш боюнча соттук акты толук жокко чыгарылган, 3 иш боюнча соттук актылар бөлүгүндө жокко чыгарылган, 28 иш кайтарылган, 6 иш боюнча даттануу берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартылган. Же болбосо 2020-жылдын жарым жылына салыштырмалуу 2021-жылдын жарым жылында 25 ишке көп даттануу келтирилген.

Маалыматтардан кийин Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова ар бир жергиликтүү соттордун жетекчилерине да сөз берип, алардын жарым жыл ичиндеги көрсөткүчтөрүнө, иштеринин сапатына кеңири токтолду. Тагыраак айтканда ар бир судьянын ишине жеке баа берилди.

Жыйындын жүрүшүндө сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын мындан ары да жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди кайталабоо тууралуу бир катар маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий