• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги: Бир жылда 100 миңден ашык кыргызстандыкка миграция маселелери боюнча кеңештер берилди

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 104,6 миң адам кайрылып, миграция маселелери боюнча кеңештерди алган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, коопсуз миграцияны камсыз кылуу максатында миграция, адам сатуунун алдын алуу жана КРдан чет өлкөлөргө чыгып жаткан мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча 9 маалыматтык күркөлөр (киоск) орнотулган.

Маалыматты Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларынын аэропортторунан, Бишкек шаарындагы темир жол вокзалынан, ошондой эле эмгек министрлигинин чет өлкөлөрдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий