• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Эртең Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Чыгышэлектр" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 8-февралда 2022-жылга карата авариялык өчүрүүнү алдын алуу максатында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 13:30дөн 15:30га чейин Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Чон-Сары-Ой, Орнок айылдарында, саат 08:30дөн 17:00гө чейин Балыкчы шаарынын айрым бөлүктөрүндө, саат 10:00дөн 16:00гө чейин Каракол шаарынын Ростовский, Пушкин, Гоголь, Бекбоев, Кравцов, Стаханов, Дружба, Маяковский, Харьковский, Мурманский, Элебаев, Островский, Ленинградский көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

"Чыгышэлектр" ачык акционердик коому кардарлардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий