• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекет башчысы кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий