• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин жыйыны өтүүдө

Маданият 0

Бишке, 11.04.21. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында Түрк кеңеши тарабынан уюштурулуп өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттеринин маалымат министрлеринин 3-отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аталган отурумга маданият министри Кайрат Иманалиев катышууда.

Министр отурумда сүйлөгөн сөзүндө Түрк кеңешинин аз убакыт ичинде жасаган артыкчылыктарын баса белгилеп түрк дүйнөсүнүн орток тилин, маданиятын, мурасын жайылтууда маалымат каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Маалымат жаатында биргелешкен максаттарды ишке ашыруу жолдорун табууну сунуштады. Түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен телеканалын ачуу, маалымат агенттиктеринин тажрыйба алмашуусу, телеканалдардын кызматташуусу, контент алмашуусу тууралуу маселелерди талкуулады.

Жыйынтыгында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия мамлекеттеринин маалымат министрлери, маалымат тармагынын жетекчилери 2021-2022-жылга иш чаралардын планын кабыл алып бекитишти.

Пикир

Оставить комментарий