• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакыт Төрөбаев Баткенде жерлерди трансформациялоо боюнча жыйын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы жерлерди трансформациялоо боюнча жыйын өттү.

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, орун басарлары, акимдер, шаар мэрлери жана жер адистери, министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Эркеайым Сейитказиева катышып,маселелерди жеринде талкуулаганга шарт түзүлдү.

Баткен облусунун аймагында 2019-2023-жылдар ичинде трансформация болгон жана трансформациялоо үчүн даярдалган иш кагаздары боюнча маселе каралды.

Калкты турак жай куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, КР министрлер кабинетинин ​тийиштүү токтомдорунун негизинде жалпы облус боюнча 2019-2023-жылдар аралыгында 1300,7 га жер тилкеси "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлерине" которулуп берилген.

2023-жыл ичинде калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) 559,42 га жер тилкесинин иш кагаздары жиберилген.

Жалпы облус боюнча 2023-жыл ичинде КР министрлер кабинетинин токтомунун долбооруна 589,4 га жер тилкесине макулдук каттар жиберилди.

Облустун аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга даярдалып жаткан жерлердин аянты облус боюнча 2550,23 га.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө транформация маселесинде тоскоолдуктарга жол берилбестигин тийиштүү жетекчилерге эскертип,айлап,жылдап жаткан документтерди алга жылдыруу боюнча тапшырмаларды койду.

Пикир

Оставить комментарий